www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-августта Фергана мунай заводунун аймагында жумушчулардын бири өзүнө бензин куюп, өрттөп салган. Бул тууралуу Фергана облусунун прокуратурасы билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, бул факты боюнча Фергана шаарынын прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Dare басылмасынын маалыматына караганда, 47 жаштагы аял жумушсуз калгандыктан ушундай кадамга барган. Белгиленгендей, ошол күнү анын заводго кирүү билетин алып коюшкан.

Материалда аял күйө баштаганда ага эч ким жардам бере албаганы баса белгиленет. Заводдун кире беришинде өрт өчүргүч болгон эмес жана аял катуу күйүк алган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости