www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуш АКШ кашыктап чогултуп алган кадыр-баркын чөмүчтөп чачты. Орусия эмне сомун бекемдеп алды, азыр согушту токтотпосо Орусия  Украинаны ура берет ал жагы АКШ жана батыш монополисттери кызык, анткени куралдарын өткөрүп жыргап турушат.Орусия Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин АКШ дүйнө калкынын жарымынан көбүнүн колдоосунан ажырады деп эсептейт.

Мамдуманын спикери белгилегендей, америкалык президент Жо Байден Кошмо Штаттардын позициясын кармап калуу үчүн БУУну реформалоого аракет кылууда.

"БУУдагы акыркы добуш берүү Вашингтонду колдобогон өлкөлөр планета калкынын көпчүлүгүн түзүүдө", - деп жазган Володин өзүнүн Telegram-каналында.

Ал ушундай билдирүүнү марттын башында БУУнун Башкы ассамблеясы Украинадагы атайын аскердик операцияны талкуулоо боюнча маселени караганда жасаган.  "Орусияга каршы 40 мамлекет добуш берүүдөн баш тарткан, алардын катарында   Кытай, Индия, Иран, Ирак, Вьетнам, ТАР (ЮАР), Алжир, Пакистан жана башкалар бар. Бул мамлекеттердин калкынын саны 4,47 млрд адамды - дүйнө калкынын 67,3%ын түзөт", - деген Мамдуманын  спикери.

Мындан тышкары, ал апрелде БУУнун адам укугу боюнча кеңешине  РФнын мүчөлүгүн токтотуу маселеси каралгандыгын кошумчалаган.  "Бул ирет да Орусияга каршы 82 мамлекет (Кытай, Индия, Бразилия, Египет, Индонезия, Пакистан, Иран, Ирак, БАЭ, Мексика, ТАР (ЮАР), Малайзия, Вьетнам, Сауд Аравиясы, Сингапур, Кения жана башкалар) добуш беришкен жок. Ал эми бул 5,93 млрд адам - планета калкынын 76,2%ы ", - деп белгилеген Володин.

Анын айтуусунда, бул эки мисал "БУУ тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынды деген чечимдердин артында чындыгында азчылык турат".  "Ушул себептен улам Жо Байден АКШнын позициясын сактап калуу үчүн БУУну реформалоого умтулууда. Өзүн жоготуп койгон бир полярдуу моделди сактап калууга жанталашууда", - деди Володин.

Спикердин пикиринде Орусиянын позициясын талкуулоодо анын тарабында "планетанын көпчүлүк калкы турат". "Вашингтондун жана Брюсселдин Орусияны изоляциялоо планы үзгүлтүккө учурады",- деп эсептейт Володин.

АКШнын өз кызыкчылыгы бар, мурунку СССРдин сателиттерин кошуп алып, алардын аймагына аскердик инфраструктурасын жайгаштырып чыгышка жылып келе жатат. Англосакстардын накта максаттарын анык билген орустар албетте тынчсызданбай койо албайт. Балтика жээгиндеги өлкөлөр Батыш Украина сыяктуу СССРге 1939-жылы Гитлер менен Сталиндин пактысынан кийин гана кошулган. Анда алар Польшаны бөлүп алышкан. Латвия, Литва, Эстония СССР менен сиңишип кете албай кайра куруу доорунда баш көтөрүп чыгышып, СССР бөлүнгөн соң НАТОго кошулушкан. НАТОго кошулуп курал жарактарды алганда орустар катуу нааразычылыктарын билдирип, бирок анча корккон эмес. Себеби жөнөкөй курал-жарактар келген. Мурунку Варшава келишиминин мүчөсү Польша менен Румынияга стратегиялык курал, "Тамагавк" ракетасы орнотулганда эле орустар "АКШ кызыл чектен өттү"- деп жооп берүүнү пландай баштаган. Анан Украинанын аймагына аскердик инфрастуртуралары орноп, ракеталар жайгашуучу базалары курулуп бүткөнү калганда маселени кабыргасынан койуп, коопсуздугун камсыз кылуу максатында талаптарын койду. Талаптар аткарылбаса аскердик- техникалык, таза аскердик чараларга бараарын эскертти. Батыш уккан жок, "блеф кылып атат, эчтеке кыла албайт"- деп, Украинаны ого бетер көкүтүп, курал жарак менен шыкап киришти.

Үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачып Гитлердик режимди кайталатпайбыз деп Украинага жардам берип алдын ала сокку урууга мажбур болушканы менен НАТО ачык согушка чыга албайт. Украинадан башталган үчүн эле, "Украинадан колуңду тарт, Орусия агрессор"- деп кыйкырып жатышат, кеп чынында "АКШдан, НАТОдон колуңду тарт" деп кыйкырышы керек эле. А эмнеге антип кыйкырышпайт? Себеби жөнөкөй, накта күнөөлүүлөрдүн жүзү ачылып калат.

Алар кыйкыра электе эле көчүгү түшкөн Батыш, илгери Гитлерди колдоп СССРге кол салган Батыш, "биздин эч тиешебиз жок"- деп актанып жатышат, Борис Жонсон баш болуп. Европа тараптан кыйшактабай түз сүйлөшүүгө жарактуу лидер көрүнбөйт. Меркель жарамак анын ордун алган Шольц министр болуп аны көтөрмөлөгөн аялынын төшөгүн карайт. Андан да украиналык элчи аны «Ашаткы жыттанган колбасага» теңеп салды. Макрон телефон менен сүйлөшсө Путинди мактап, Зеленский менен сүйлөшсө аны мактап президенттик шайлоонун камын көрүп, президент болгон. Эрдоган гана жараштыруунун камын көрүп жаткандай. АКШ лидери болсо алжып калды, анын ордун аңдып вице-президенти турат.

Украинаны НАТО капсалаңга салып берди. Хахолдордун далысынан таптап: «сен кыйынсың» -деп, бир тууган славян орустар менен кагыштырып коюп өздөрү четке чыга берди. Зеленский американын ABC News телеканалына маек куруп жатып, НАТО мүчө кылып кабыл албай таландыда калганы үчүн НАТОго деми сууп баратканын билдирди. Ал Крым Орусияныкы экенин, ДНР менен ЛНР көз карандысыз экенин таанырын айтып бул боюнча сүйлөшүүгө барарын ачык айтты. Зеленский: «НАТОго келсек, менин демим сууп калды, НАТО Украинаны кабыл албасына көзүбүз жетти. Альянс Орусия менен конфронтацияга баргысы келбей тескери иш жасагысы келбей турат» –деди. Украинадагы жаңжаалды токтотуу үчүн Орусия койгон шарттарга макул болорун билдирип: «Мен Орусия менен диалогго келүүнү туура көрдүм, биз биротоло капитуляция болгондон көрө ошол артык» -деди.

Көпчүлүк НАТОго кирген мамлекет башчылары Орусия менен кагылышсак дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгып, ядролук куралдарга басым жасалып кетет дешип, НАТОнун киришине каршы. Ал эми башка мамлекеттин канын мите –курттай соруп жашашкан алсыз Польша, Латвия, Литва, Швеция сыяктуу мамлекеттер гана Орусияга каршы тикесинен-тик туруп, экономикалык жактан алсызданышын көздөгөнү менен эмне пайда табышты? Алар «өз көрлөрүн өздөрү казышып» Орусиядан келип жаткан газ, мунайзат, буудай жана башкалардан кур калган турат. Орусия буларды Азия тарапка экспорттосо деле күн көрөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости