www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан билим деңгээли артта калган, элинин көпчүлүгү кат тааныбаган караңгы өлкөлөрдүн эмиссарларынын заказын аткарбай алдыңарга карап иш кылсаңар боло. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев билдирди.
«Биздин министр таарынбасын. Биз деле убагында «сапаты» жок эле сапатту билим алып чыкканбыз. «Гүлени» жок эле гүлдөгөн заманда зор окумуштуулар, илимпоздор чыккан. Силер мактап, алкап жетине албай жаткан Ч.Айтматов деле биздин Айыл Чарба институтунда окуган. Мектептерде эмес ЖОЖдордо динди туура түшүнүш үчүн Религиоведение деген атайын курсту бизге Акимбаев деген агайыбыз окуткан.
Боекчу боекчу десе сакалын боёт болбой муруту жок сакалчан (Пакистан тараптан келгендер), дамбалчандар Аравиядан келгендерден коркуп кетпей, Кыргызстандан билим деңгээли артта калган, элинин көпчүлүгү кат тааныбаган караңгы өлкөлөрдүн эмиссарларынын заказын аткарбай алдыңарга карап иш кылсаңар боло.
Мектепке дин таануу сабагын киргизүү Конституцияга туура келбесин неге билбейсиңер. 50 жылдан бери Евросоюзга силер мусулмансыңар, түрксүңөр деп кодулап, басмырлап койгон Түркиянын президенти Эрдоган айласы жок Евразияга бурулганын эмнеге түшүнбөйсүңөр. Эрдоган диндешкиле деген жок. Алдыга умтулгула, жемиңерди жедирбегиле түрк насилдүү туугандар деп жатат.
Мектепке көп тийишпесеңерчи. «Баччагынар» чыгып калат. Жоголгон муун кайра туура жолун таап келе жатат. Жаркыраган жаңы муун келе жатат. Силер сунуштаган караңгы түндөр жаркыраган жарык күн менен алмашаар маалы келе жатат. Алдыда чоң бурулуштар болот. Кыргыздар Ак үйүн өрттөгөндөн да жаман кылат», - деди Сарыбаев.
Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg