www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предмети киргизилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматта соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалып жатканы белгиленген.

"Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылышына алып келет. Диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргызстанда светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкөдө дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждык жаралгандыктан муну мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш экени белгиленди.

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында диндердин өнүгүү тарыхын окуу төмөнкү учурларды камтышы керек болот:

окутуу заманбап илимий-методикалык ыкмаларга негизделүүгө тийиш;

биздин өлкө үчүн дүйнөлүк жана салттуу диндер жөнүндө билим берүү окуучулардын дүйнөнү, маданиятты жана адамдын руханий жашоосун таануусуна жардам берүүгө тийиш;

салттуу диндердин негиздерин билүү улуттук өзүн таанууну калыптандырууда, колдоодо жана сактоодо, экстремизм идеологиясын жана сабырсыздыкты алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.

Дин таануу боюнча билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Кыргызстандын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

2022–2023-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхы предмети базистик окуу планына киргизилсин.

Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан "Диндердин өнүгүү тарыхы" окуу-методикалык комплексин толуктап иштеп чыксын, экспертиза жүргүзсүн жана басып чыгарсын;

7–8-класстар үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" окуу-методикалык комплексин иштеп чыксын, апробация жана экспертиза жүргүзсүн, басып чыгарсын;

эмгек рыногунда талап кылынган, кошумча чектеш квалификациялары бар "дин таануу" адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларында бюджеттик орундарды карасын;

"2022-жылга республикалык бюджет жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ушул пунктуда көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каражатты Билим берүү жана илим министрлигине бөлүп берсин;

Билим берүү жана илим министрлиги республиканын жалпы билим берүү уюмдарына диндердин өнүгүү тарыхы предметин этап-этабы менен киргизүү үчүн зарыл болгон каражатты жыл сайын бөлүп турсун.

Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу укугу төмөнкү адамдарга берилет:

диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;

кадрлар жетишпеген учурларда тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн "тарых мугалими" квалификациясы менен педагогикалык билими бар адамдарга;

диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигине:

менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында 7-9-класстарда окугандар үчүн диндердин өнүгүү тарыхы предметин этап-этабы менен киргизилишин камсыз кылсын;

аталган предметти окутуу үчүн окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуу курсун/модулун белгиленген тартипте иштеп чыксын.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул жарлыктын 3-пунктунан келип чыгуучу чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости