www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылы Индиядан Кыргызстанга 10 миңге чукул турист келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө туристтердин эң көп агымы салттуу түрдө жай мезгилине туура келет, бирок Индия тарап бардык мезгилдерге, анын ичинде кышкы жана күзгү турларга кызыкдар. Бул жерде майрамдарды, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүү, видео, тасма тартуу популярдуу болуп баратат.

Чиновниктер Индиядагы ири туристтик фирмалар жана инвесторлор менен жолугушту. Аларга медициналык туризмди жана санитардык-курорттук комплексти өнүктүрүү, боз үй глампингдерин (ачык эс алуу үчүн люкс жайлар) куруу тууралуу айтылып, Salvia промоутерлери менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

"Биз виза маселесин да талкуулап жатабыз. Индиядан уюшкан топтор менен саякатка чыккан туристтер Кыргызстанга эки жумага визасыз келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эгер сапар узак мөөнөткө керек болсо, Нью-Делидеги виза борбору жардам берет. Учурда ал борборду ачуу максаты иштелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости