www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ургенч шаарында таламандын чак түшүндө көчөнүн боюнда токтоп турган автоунаанын айдоочусун өлтүрүп кетишти. 2-июнда болгон бул окуя көзөмөл камерасына түшүп калып, анын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Видеодон бир нече киши жол жээгинде токтоп турган Cobalt үлгүсүндөгү автоунаага чуркап барганын, бирөө алдыңкы орундукта отурган айдоочуга болжолдуу түрдө бычак менен бир нече жолу сокку урганын көрүүгө болот. Видеонун төмөн жагындагы маалыматта айдоочуга сегиз киши кол салганы жазылган.

8-июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов "Адам өлтүрүү" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бир кишиге айып тагылып, камакка алынганын билдирди. Мындан тышкары дагы жети киши бейбаштыкка айыпталган. Алардын бирөө камакка алынып, калганы тергөө аяктаганга чейин белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости