www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дачи СУдагы кырсык болгон жерге жаңы үйлөр курула баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айнагүл Үсөнова кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, талкаланган объектилер болгон жерде эки үй пайда болду. «Бул жерде эч нерсе курулбашы керек. Бирок үйлөр бар. Аларга жер тилкелерин ким сатып жатканын билбейбиз», - деди Айнагүл Үсөнова.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар кенемте суммасы келтирилген зыяндын ордун толтурбаганын белгилешти. «Бизде үйдүн пайдубалы куюлган жерибиз бар болчу. Бул үчүн бизге 200 миң сом төлөндү. Фундаменти жок болсо дагы башка жерди сатып ала албадык. Мага башка жерден жер бөлүп беришсе, акчаны мамлекетке кайтарууга даярмын», - деди Каныкей Жапарова.

Дагы бир тургун Исхак Анарбаевдин айтымында, компенсациялардын көлөмү башкача болуп чыкты. «Эч кандай жаракат албаган үйдүн ээсине 60 миң доллар, ал эми үйдүн жарымын учактын канаты талкаланган үй ээсине 6 миң доллар төлөндү», - деди ал.

Последние новости