www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-июнда кыргыз-орус аймактар ​​аралык тогузунчу конференциясынын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде аймактар ​​аралык кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулашты.

Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактар ​​аралык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү программасынын даярдыгын, анын ичинде аймактар ​​аралык кызматташуунун укуктук негиздерин жана биргелешкен аймактар ​​аралык долбоорлорду колдоонун каржылык инструменттерин изилдеп чыгышып, өз сунуштарын айтышты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрү аймактар ​​аралык соода-экономикалык кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын сунуштап, аймактар ​​ортосунда бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Орусиялык бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ал эми Кыргызстандын ишкерлерине Орусиянын аймактарынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунуш кылынды.

Ошондой эле Орусиянын саламаттыкты сактоо тармагынын медициналык кызматтарды экспорттоо боюнча тажрыйбасы кыргызстандыктарга көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости