www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назарбаев эми катардагы пенсионерби?

Биз Нурсултан Назарбаев менен кеңешпейбиз, негизи эле ал Казакстандын саясатына кийлигишпейт. Туңгуч президент катардагы пенсионер, өлкөнүн катардагы жараны. Мындай пикирин Казакстандын Сенатынын спикери Маулен Ашымбаев билдиргенин Politik басылмасы жазды.

«Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев бүгүнкү күндө саясатка кийлигишпейт. Балким, аны өзүңөр да байкап жатсаңар керек. Албетте, референдум, шайлоо сыяктуу масштабдуу иш-чараларга өлкөнүн жараны катары катыша алат. Бирок саясатчы катары, биринчи президент катары Казакстандын саясатына кийлигишпейт», - деди Ашымбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Бардык мыйзамдык маселелер өкмөттүн, Сенаттын жана Мажилистин укуктарын көрсөткөн Конституцияга ылайык чечилет деп баса белгиледи.

«Биз Назарбаев менен кеңешпейбиз. Учурда бардык бийлик бутактары, бардык мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарын мыйзамдык деңгээлде жүзөгө ашырышат", - деди Ашымбаев.

Мурдагы президенттердин артыкчылыктары жана корголушу боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Ашымбаев өлкөнүн туңгуч президентине тиешелүү жоболор Конституциядан буга чейин алынып салынганын эске салды.

«Бардык маселелер биздин Конституцияда жөнгө салынган. Булар экс-президенттердин статустары, алардын коопсуздугу, кандайдыр бир жеңилдиктери. Элбашына, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү нормаларды алып салдык. Эми туңгуч президент жөнүндөгү конституциялык мыйзам иштебей калды. Биз аны Конституциядан алып салгандыктан, бул мыйзам күчүн жоготот», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости