www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иштери башталды. Ал Токтогулдан өйдөрөөк, ГЭСтин кубаттуулугу 1860 мегаватт, бул Токтогул ГЭСинен 1,5 эсе жогору. Камбар-Ата капчыгайда курулуп жаткандыктан, айдоо жерлерди суу каптабайт. Бакиевдин учурунда Камбар-Ата-2 курула баштаган, ал эмгиче бүтө элек, бирок баары бир эч нерсе чечмек эмес – анын кубаттуулугу болгону 360 мегаватт.

Камбар-Ата-Бирди мурда эле куруш керек болчу. Мүмкүн, Токтогул ГЭСинин ордуна ушуну биринчи тургузуш керек эле, анткени ал бир жарым эсе күчтүү, эң негизгиси болсо,Токтогул ГЭСинен пайда болгон суу сактагыч Кыргызстандын 28 миң гектар жерин басып калган – Кыргызстан ал айдоо жерлерин жоготкон.

Советтик мезгилде андай жоготуу үчүн Кыргызстан кандайдыр бир кенемте алган, бирок СССР чачырагандан кийин эгемен мамлекет катары Өзбекстан менен сүйлөшүп, жыл сайын дагы кошумча кенемте алып турса болмок, бирок кыргыз дипломатиясы андай нерселерге жарабайт.

 

 

Последние новости