www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Июнь окуясы боюнча Исмаил Исаковго коюлган күнөө ойго келбеген нерсе, ошол кандуу окуяда Ош, Жалал-абадга эч ким даай албай турганда генерал башын канжыгага байлап барбады беле», - деди бүгүн, 9-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бөдөш Мамырова.
- Бөдөш Аманбаевна июнь коогалаңына быйыл туура 12 жыл болду. Кандуу окуя иликтенип, чекит коюлушу керекпи же эски жараны козгобой эле койгону оңбу?
- Албетте, каргашалуу окуядан бери бир топ убакыт (12 жыл) өттү. Көп далилдер фактылар унутулуп кетти. Ошол жааттан алганда тактоо бир топ кыйынга турат. Негизи июнь окуясы өз баасын алышы керек.
Бирок, убагында бул окуяны эмне максатты көздөп уюштурушканы, кимдер тарабынан уюштурулганы, кимдер түз жана кыйыр катышканы боюнча ачык айтылышы керек эле.
Ошондой эле коогалаңдын чордонунда болгондорду жана алдын ала кабары болуп туруп, убагында чара көрбөгөн таасирдүү инсандардын да аттары ачыкка чыгып, мыйзам ченемдүү баасын алышы керек болчу. Негизги уюштуруучулар чагымчылдар эбак эле өлкөдөн чыгып кеткен.
Андан дагы кабардар болгондор четте калып, пикирин айтып, позициясы үчүн бийликке жакпай калгандарга июнь окуясын курал катары колдонулуп атса, анда эч кандай жыйынтык болбойт. Июнь окуясы бир күндө бир жумада эле чыга калган жок да. Өтө тыкыр, кылдаттык менен даярдалган. Тар чөйрөдө бир нече жолу талкууланып, сунуш, пикирлер менен пландалган.
- Айтканыңызга ынаналы, июнь окуясынын негизги максаты эмне болгон?
- Июнь окуясынын негизги максаты Бакиевдерди баш көтөртпөө же өлкөдөн чыгарууга багытталган десек болот. Бирок, мынчалык масштабда кандуу кагылышууга жетип кетээри күтүлбөгөн окуя болгон. Бүгүнкү июнь окуясынын тегерегинде жүрүп жаткан териштирүүгө караганда тандалма башкача айтканга, ооз басуу багытын көздөгөндөй.
Генерал Исмаил Исаковго коюлган күнөө ойго келбеген нерсе. Тескерисинче, ошол кандуу окуяда Ош, Жалал-абадга эч ким даай албай турганда генерал башын канжыгага байлап барбады беле. Кээ бир инсандарды элдер окуянын күнөөкөрү катары таш бараңга алып жолотпой койгонун, алтургай укук коргоо органын башчысын кандай кабыл алып, эмне гана деген айыптарды койгонуна деле күбө болгонбуз. Калыстыкты айтып коюуу бул инсандык парз.
Негизги уюштуруучулар К. Батыров, Салахидинов И. Абдрасулов, К. Аблуллаеваны кантип, кандай жол менен алынып келип, Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р. Отунбаеванын кабыл алуусунда болгонуна эмне себеп болгонун жана кандай маселенин тегерегинде сөз болгону жөнүндө териштирүү жүргөн болсо, бүгүнкү күнөөлүү дегендер караандабай эле калмак. Ошол жааттан алып караганда тандалма айып тагылмайдын жели согуп тургандай.
Жогоруда аты аталган өздөрүн лидер атаган инсандарды кандай жол менен кантип кимдин сунушу менен Убактылуу Өкмөттүн жетекчисинин кабыл алуусуна алып келгенди учурдагы вице-премьер Эдил Байсаловдон сураса эле такталмак. Бул жигит жакшы билет, алтургай кандай учак менен алынып келингенинен бери ачыкталмак.
Эгерде июнь окуясына туура мыйзам чегинде баа берип улуттар аралык кагылышууну мындан ары болтурбоо максатын чекит коюууну көздөгөн териштирүү болсо, анда тыкыр изилденип негизгилер идея бергендер тар чөйрөдө талкууга катышкандар, алдын ала кабардар болуп убагында чара көрүп токтотуп калууга далалат кылбагандар аныкталыш керек. Бул жолку териштирүү бир жактуу, бийликке жакпай калгандарга карата багытталгандай болуп турат.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.
Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.
Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.
2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.
«Июнь окуясы» деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.
Булак: NazarNews.kg