www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алымкадыр Бейшеналиевдин кошоматчылары абдан көп экен», - деди бүгүн, 9-июнда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Алымкадыр Бейшеналиев камакка алынды. Анын коррупцияга аралашты, кол алдындагыларын опузалады деп камакка алынышы боюнча кандай пикирдесиз?

- Алымкадыр Бейшеналиев боюнча өткөндө сиздерге жооп берсем, интернет колдонуучулардын талоонунда калдым. Мунун кошоматчылары абдан көп экен. Ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыкты го, тобоо...

Бирок, боло жүргөндөй эле турмуш менин чын экенимди, айткан сөздөрүмдүн далили бар экенин көргөздү. Бул министр эми пара менен кармалбадыбы. Кызматын кол алдындагылардан акча опузалоого пайдаланчу экен да.

- Баш прокурорду да Алымкадыр Бейшеналиевдин айынан кызматынан убактылуу четтетишти. Президент адилеттик үчүн ушундай кадамдарга бардыбы?

- Садыр Жапаров жакшылыкты унутпай жүрсүн. Курманкул Зулушев туптуура мындан 9 жыл мурда судья кезинде өзүнүн өмүрүн, карьерасын, репутациясын тобокелге салып, Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду сот залынан бошотуп чыгарган. Ырас, сырттан биздин митингчилердин кысымы менен болсо да, Зулушев ошондой чечим чыгарган.

Анан эле кандай эле тиги А.Бейшеналиевке окшогон революцияга бир тыйын салымы жок проходимецтер революция жеңишинин үзүрүн көрүүсү керек? Эмне, ал абдан кыйтыр, митайым, калганыбыз аңкоо экенбиз да, ээ ?

- Баса, Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге козгогон кылмыш иши боюнча да түрдүү кептер айтылып жатат го…

- Баш прокуратура жөн гана кылмыш козгой албайт. Убагында мага кылмыш козголгон сыяктуу жогорку бийликтин кысымы-заказы болун жее болбосо, майтарылгыс факт-далилдери бар үчүн кылмыш иши козголду да. Азыр интернет, маалымат технологиялар өнүккөн заманда Прокуратура козгогон иштерди коомчулук заматта иликтеп койсо болот.

Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости