www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиянын мунай объектилерине болгон чабуулга Ирандын түздөн-түз тиешеси бар. Мындай билдирүүнү Сауд Арабиясынын коргоо министрлигинин өкүлү Турки аль-Малики жасады.
Анын айтымында, башында ойлогондой эле араб өлкөсүнүн нефти базаларына болгон чабуулга Йемендин тиешеси жок болуп чыккан. Иран фактыларды бурмалаганга аракет жасаган. Бирок, аскер кызматкери маалымдагандай, Иран Сауд Арабиясынын мунайзат объектилерине чабуул кылууга 7 ракета жана 18 учкучсуз аппаратты колдонгон. Мунун баарын коргоо министрлиги видео тасмадан көрсөтүп берди.
Эми Ирандын жагдайы өтө эле оорлогондой. Себеби, өткөн жумада АКШ президенти жакын арада Сауд Арабиянын нефти базаларына коюлган чабуулга Ирандын тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат такталарын айтып, армияны аскердик даярдык абалына алып келген. Эми Перс булуңунда жакын арада чоң кармашуу башталчудай болуп калды.
Белгилей кетсек, 14-сентябрда Сауд Арабиянын Улуттук нефти компаниясында жарылуу болуп, анын кесепетинен дүйнөлүк рынокто мунайга болгон баа көтөрүлүп кеткен. Мындан улам АКШ сенатору Линдси Грэм Ирандын мунайзатты кайра иштетип чыгаруу объектилерине чабуул жасоону сунуштаган.
Булак: NazarNews.kg