www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясыбы же Бишкектин Биринчи Май райондук сотубу, иши кылса мамлекеттик бул органдар жаратылышты коргоочу топко кыянаттык кылып коюшуптур.
Буга капа болгондордун жазгандарын социалдык баракчалардын колдонуучулары бөлүшүштү. Андагы маалыматка туура түшүнсөк, бүгүн климаттын өзгөрүшүнө санааркаган топ борбордук аянтта акциялык жүрүшкө чыгышмакчы болушкан экен. Максаты, көпчүлүктү жаратылышка аяр мамиле кылууга чакыруу болгон.
Бирок, мэрия райондук соттун “30-сентябрга чейин калаанын борборунда чогулуп, митинг, пикеттерди өткөрүүгө болбойт” деген чечимин бетке кармап, акцияны борбордук аянтта эмес, калаанын башка четинде өткөрүүнү сунушташкан экен.
Жыйынтыгында, буга макул болбогон уюштуруучулар шаар бийлигине же райондук сотко таарынарын билбей калышкандай. Эми бул иш-чара өтөөр же өтпөсү белгисиз.
Булак: NazarNews.kg