www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти Тайванга 428 миллион долларлык аскердик техника сатууну бекитти. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

АКШнын Коргонуу Коопсуздук Кызматташтык Агенттиги, Кытай менен тирешип турган Тайванга эки башка аскердик техника сатууну бекиткенин жарыялады.

Бул боюнча агенттиктен АКШ Конгрессине билдирүү жөнөтүлдү.

Билдирүүдө Тайванга 330 жана 98 миллион долларлык «Ф-16» жана «С-130» учактары менен курал системаларынын запастык бөлүктөрүн камтыган аскердик техника сатууга уруксат берилгени белгиленди.

Агенттиктин билдирүүсүндө ыктымалдуу сатуунун, АКШнын экономикалык, улуттук жана коопсуздук кызыкчылыктарына ошондой эле сатып алуучунун ишенимдүү коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоо аракетине да кызмат кылары айтылды.

Последние новости