www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы сессиясында “Элдик” депутаттар тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Өмүрбек Бакировдун иш кеңсеси жок жүргөнүн айтып, төрага Нурланбек Шакиевди калыс болууга чакырды.

"Ата-Журт" фракциясы менен “Мекенчил” тобу өз билемдик кылып жатат. Нурлан Тургунбекович, сиз мындай мыйзамсыз иш кыла берсеңиз, сиздин дагы кызматтык ордуңузду карайбыз. Анткени төрт чарчы метр залды “Мекенчилби”, “Ата-Журтпу”, ошолордун катчылыгына берип, 709-кеңсени дагы катчылыгыңарга берип, 7-кабатта ким отурса баарын ылдый түшүрөбүз деп жатасыңар”, - деди депутат.

Шакиев бардык депутаттарга бирдей, калыс мамиле жасап жатканын белгилеп, спикердин кеңсе бөлүштүрүүгө укугу жок деген жооп кайтарды.

“Жобо кылып бергиле, мен ошонун негизинде 7-кабатка ким отурат, баарын тактап бергиле дедим. Ошого жараша иретке келтирели. Азыр менде эч кандай кеңсе бөлүштүргөнгө жобо жок”, - деди ал.

Спикер депутат Бакиров боюнча атайын комиссиянын жыйынтыгы чыкканын кошумчалады.

“Ата -Журт Кыргызстан” фракциясынын башчысы Бакыт Сыдыков Түмөнбаевдин айыптоосуна мындай жооп берди:

“709-бөлмө Элмурза Сатыбалдиевдин кеңсеси болчу. Ракиевич “Мекенчил” тобунун лидери болуп кеткенден кийин 704-бөлмөнү аксакал деп ошол кишиге бошотуп бердим. Өзүм 709-бөлмөгө кирдим. Мунун эмнеси жаман? Катчылык 13 чарчы метр жерде 4-кабатта отурат”, - деди Сыдыков.

Бир нече депутат мындан кийин чарбалык иштерди жабык талкуулоону сунушташты. Өмүрбек Бакиров өзү кеңсеге байланыштуу маселе прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин чечилерин билдирди.

Бакиров Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсүнөн ноябрда чыгарылган.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор тарап, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин 24-ноябрда Бакировдун иш бөлмөсү боюнча окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия Президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги анын депутаттык кол тийбестигин одоно бузган деп таап, Башкы прокуратурага аларга карата жазык мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүү тапшырмасын берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости