www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Тайванга курал-жарак берет

АКШ Тайвань аралына курал-жарак берип жатат. Бул тууралуу АКШдагы маалымат каражаттары өз булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалытка ылайык, Тайванды АКШнын куралжарагы менен камсыздап, аралга андан башка дагы колдоо көрсөтүү пландалууда. «The New York Times» жазгандай, АКШнын бийлиги Тайвандын коргонуу системасын Кытайдын кол салуусуна туруштук берүү үчүн чыңдагысы келет.

Бул учурда Украинага курал-жарак ташуу тажрыйбасы колдонулуп жатат. Ал эми Россиянын «РБК» маалымат агенттиги Тайвань жакында эле АКШдан куралжарак жана учак сатып алганын жазды.

Тайвань 1949-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бийлигине баш ийбейт. Бирок КЭР Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт. Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден эгерде Кытай Тайванга кол салса, АКШ Тайванга жардам берерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости