www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте Алексей Ширшов валюта рыногунда дагы бир схема түзгөнүн айтып чыкты.

Ал Орусиядан башка өлкөгө чыгара албай жаткан рублди Кыргызстанга алып келип адалдап жатканын билдирүүдө. Мындан улам депутат Улуттук банктын өкүлдөрүнө кайрылды.

"Орусиядан Кыргызстанга рубль түрүндө чоң суммада каражат алып келип доллар, еврого алмаштырып, кайра башка өлкөлөргө чыгарып жаткан шылуундар бар. Ушундай жол менен акча адалдоо схемасы иштеп жатат деген коңгуроо түшүүдө. Финансылык чалгындоо кызматы ушул тапта Кыргыз-Швейцария банкынан 100 миңдеген долларды камакка алды. Бул эң атактуу, "көп кырдуу таланты бар" Ширшовдун дагы бир схемасы. Ушуну менен күрөшүп жатасыңарбы? Мен сурам жөнөтсөм банктык купуя сыр деп берген жоксуздар", — деп кайрылды Акаев.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ушундай маалымат бар экенин тастыктап, убактылуу жобо киргизишкенин айтты.

"Каражат жөнөткөн өлкөнүн валютасы менен берилсин деген убактылуу жобо чыгардык. Мурда Орусиядан рубль салып, доллар менен алып кетип жатышкан. Азыр андай болбойт", — деди Жеңиш.

Депутат бирок ага карабай рублди алгандан кийин башка банктардан, базарлардан доллар, еврого алмаштырып кетип калышса кандай болорун сурады.

Нурбек Жеңиш андай да болушу мүмкүндүгүн айтып, бул боюнча Улуттук банк Финчалгындоо кызматы менен биргеликте иш алып барарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости