www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 АКШ Конгресси Украинага кошумча жардам көрсөтүү үчүн каржы бөлүүнү жактырбаса, «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Вашингтон буга чейин бөлгөн акча жыл соңунда түгөнөт. Бул тууралуу Ак үйдүн Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсонго жолдогон катта белгиленет.

"Конгресс аракет кылбаса, жыл соңуна чейин Украинга көп көлөмдөгү курал-жабдык жана техника алып берүү үчүн ресурсубуз калбайт. Бизде акча калбай калды, убакыт жок”,-деп кайрылган Жонсонго Ак үйдүн административдик бюжет боюнча башкармылыгынын директору Шаланда Янг.

Ал кошумчалагандай, америкалык техника менен курал-жабдыкты жеткирүүнү токтоп калышы украиндердин жетишкендиктерин тобокелчиликке кептебестен, согушта Орусиянын жеңүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Ноябрдын ортосуна чейин Пентагон Украинага бөлүнгөн 62,3 миллиард доллардын 97% короткон. Октябрь айында АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина, Израил жана Инд-Тынч океан аймагындагы операциялар үчүн жалпы 106 миллиард доллар бөлүп берүүнү суранган. Мыйзам чыгаруучулар азыр бул боюнча бир пикир таба элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости