www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирген паспорт мафиясын жеңүү үчүн эки жылдан бери күрөшүп келатат. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, мамлекет башчы бул тууралуу пикирин Бишкектеги “Учкун” ишканасына барган учурда билдирди. Азыркы маалда “Учкун” ишканасы керектүү техника менен жабдылганын, мамлекеттик маанидеги документтерди, паспортторду өз алдынча чыгара аларын белгиледи.
Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басыла турганы сентябрда маалым болгон. Ал үчүн “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган. Расмий маалыматтарда, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп. Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар да болгон. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган. 2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg