www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын атайын кызматтарына тиешеси бар хакерлер АКШнын, Улуу Британиянын жана Түштүк Кореянын аскердик сырларына жетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн атайын кызматтары билдиришти.

Алардын айтымында, хакерлер түндүк кореялык өзөктүк программанын кызыкчылыгында иш алып барган.

"Түндүк Кореянын хакерлери коргонуу тармагына байланышы бар көптөгөн компаниялардын компьютердик системаларын бузууга аракет кылышты. Алардын арасында танктарды, суу алдында сүзүүчү кемелерди, согуштук учактарды, ракеталык жана радар системаларын өндүргөн ишканалар бар. Мындай коркунуч дале сакталууда, алдыда Жапония менен Индиянын компанияларына хакердик чабуулдар болушу мүмкүн", – деп жазылган үч өлкөнүн атайын кызматтарынын биргелешкен билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, хакерлер бир катар компаниялардын компьютердик системаларына кире алышкан. Бирок алардын кандайдыр бир жашыруун маалыматтарды алган-албаганы белгисиз.

Последние новости