www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, өлкөсүнүн Түндүк Корея саясатында өзгөрүү болбогонун айтты.

АВС телеканалындагы «This Week» программасына катышкан Никки Хейли күн тартиптеги суроолорго жооп берди. Хейли, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөргө ачык болгону жөнүндөгү маалымдоосунан кийин Вашингтондун саясат өзгөртүүсүн кылып кылбаганы суроосуна мындай жооп берди: «Өзгөрүү жок, (Трамп) Түндүк Корея менен сүйлөшө ала турганыбызды, бирок анын алдында бир топ нерсе жасалышы керек. Түндүк Кореянын ядролук сыноолорун токтотушу зарыл. Ядролук куралдарга тыяюу салынышы темасында сүйлөшүүнү каалоосу керек».

Хейли, Түндүк Корея менен түздөн түз сүйлөшүүлөрдүн башталышынын биринчи баскычынын Пхеньяндын ядролук сыноолорун токтотушу экенине көңүл бурду.

Никки Хейли, Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын арасындагы кышкы олимпиадалардын алкагында ишке аша турган жолугушуулар тууралуу да, «Эки өлкө  кааласа сүйлөшөт, мен түшүнгөндөй жалгыз олимпиадалар тууралуу сүйлөшөт. Бул эки өлкө бири-бирин урматташы керек жана муну жасай алса АКШ үчүн да жакшы болот»,-деп айтты.

Түндүк Корея менен ядролук согушту каалабагандарын мындан мурда көп жолу айткандарын, бирок ортодо коркунучтуу чындык турганын белгилеген Хейли, Трамптын «ядролук кнопка» билдирүүсүн болсо, «Түндүк Кореяны биз дагы аларды жок кыла ала турганыбыз менен эскерткибиз келет. Ушул себептен сөздөрүнө жана эмне кылып жатканына абдан этият болсун. Бул адамдарды чыңалтканын билемин, бирок мындай кылбасак дагы көп коркунучта болобуз»,-деп түшүндүрдү.

Хейли, Трмаптын кызматтагы алгачкы жылын түшүндүргөн «От жана каардануу: Трамп Ак үйдүн ичинен» аттуу китепке сереп салып, китепти окубаганын жана окуй турганын белгилеп кетти.

Хейли, Ак үйдө иштегендердин «берилген» жана «мекен сүйүүчүлөр» экенин жактады.

Хейли: «Ак үйдөгү бул адамдарды билемин. Алар, өлкөсүн жактырышат жана президентти урматташат. Алардын арасында ушундай уулуу тил сүйлөшүлгөнүн көргөн жокмун, уккан да жокмун. Эч ким Трамптын акыл-эсинен шектенбей эле. Ал кокусунан президент болуп калган жок. Салык реформасын өткөргөндө, химиялык курал колдонуусуна каршы Сирияны атканда, Түндүк Кореяны эскерткенде тең-салмаксыз беле?»-деп айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости