www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
United States Southern Command билдиргендей, АКШ аскерлери Тынч океандын чыгыш бөлүгүндө баңгизат ташыды деп шектелген кайыкка кезектеги сокку урду. Натыйжада 3 адам каза болуп, бул акыркы жумадагы төртүнчү операция экени айтылды.
Аскерлердин маалыматына караганда, бул сокку баңгизат контрабандасы менен байланышкан деп шектелген жана “террордук уюм” тарабынан башкарылган кайыкка багытталган. Бирок бул дооматтарды тастыктаган далилдер расмий түрдө жарыяланган эмес.
Маалыматтарга ылайык, сентябрдан бери жүрүп жаткан операциялардын алкагында каза болгондордун жалпы саны 205ке жетти.
АКШ администрациясы Латын Америкасынын наркокартелдерин “куралдуу конфликттин катышуучусу” катары мүнөздөп, алар АКШ шаарларына баңгизат агымын уюштуруп жатат деп билдирүүдө.
Фрэнсис Л. Донован жетектеген Түштүк командачылык бул сокку президенттик буйрукка ылайык жасалганын X социалдык тармагында билдирди.
Маалымат алгач эл аралык басылма Arab News аркылуу жарыяланды.