www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июндан 1-сентябрга чейин максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Бул чектөө жай мезгилинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды. 

Тактап айтканда абанын күндүзгү температурасы 28°C же андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобилъ жолдорунда жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө тыюу салынат.

Чектөө төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:

- жүргүнчүлөрдү ташуучу;

- гуманитардык жардамды ташууларга;

- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташууларга; 

- берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдүү жүктөрдү ташууга; 

- Министрлик тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга тартылган жол органдары жана подряддык ишканалар үчүн жол иштерин жүргүзүү үчүн белгиленген тилкелерде.

Көзөмөл Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору тарабынан транспорт көзөмөл пунткттарында жана кыймыл коопсуздугуна тоскоол болбогон аймактарда жүргүзүлөт. 

Последние новости