www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысына Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон тоголок жетимдер үчүн убактылуу жашоо уюштурулгандыгы тууралуу маалымдалды.
Жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин, окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоо баскычында турак-жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын социалдык колдоо максатында МИК жаштар үчүн атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу баскычында жашай алышат.
Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат.
Бул жерде өз алдынча жашоого ыңгайлашууга, билим алууга жана кесиптик келечектеги кесиптик жолун пландаштырууга өбөлгө түзгөн бардык зарыл турмуш-тиричилик шарттары түзүлгөн.
Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 жигит жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.
Президент Садыр Жапаров турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Ошондой эле алардын билим алуу жана келечектеги кесиптик пландары тууралуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров 2020-жылы Президенттик кызматка киришкенден бери жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси анын артыкчылыктуу максаттарынын бири болгонун белгиледи.
“Бүгүн бул маселе иш жүзүндө чечилди: улан-кыздар жогорку окуу жайын бүтүрүп, жумушка орношконго чейин бир нече жыл ушул жерде жашай алышат”, — деди Мамлекет башчысы.
Ошондой эле социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, анда түштүк аймактарындагы бүтүрүүчүлөр жашашат.
Келечекте алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик “Келечекке салым” программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын пайдалана алышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар Президентке өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жеке турмуштук окуялары жана келечекке болгон пландары менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары алар жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагерин уюштуруп берүү өтүнүчүн билдиришти. Алар окуу жылы бою мекемелерде болуп, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк аз экенин белгилешти. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөргө окууда жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, тыкандыкка, үнөмчүлдүккө жана тартипти сактоого чакырды. Ошондой эле сапаттуу билим алуунун жана коомдук турмушка активдүү аралашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.