www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ормуз кысыгындагы шарттар АКШ менен Израиль Иранга кол салганга чейинки учурдагыдай болбойт. Мындай билдирүүнү ислам республикасынын парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Эбрахим Азизи билдирген.
— Ормуз кысыгы эми согушка чейинки абалга кайтарылбайт. Тагыраагы, душмандашкан мамлекеттер, алардын аскердик кемелери же башка кемелери кысык аркылуу тоскоолдуксуз өтүп, Перс булуңуна кирип келип, бизге каршы аракеттерди жасашына эми жол берилбейт, - деген Азизи.
Кысыкты ачуу — АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон макулдашуунун кызуу талкууланып жаткан бөлүгү.