www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясынын алкагында тамеки жана алкоголдук продукцияларга карата талаптарды күчөтүү сунушталууда.
Документке ылайык, насвайга толук тыюу салуу, алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини сатып алуу үчүн жаш куракты 20-21 жашка чейин жогорулатуу, ошондой эле алардын түнкү убакта жана интернет аркылуу сатылышын чектөө каралууда.
Мындан сырткары, тамеки жана алкоголдук продукцияларга акциздик салыктарды жогорулатуу мүмкүнчүлүгү дагы талкууланууда.
Концепцияда өлкөдөгү өлүмдөрдүн 70 %га жакыны жугуштуу эмес оорулардан болору белгиленип, калкты сергек жашоо образына үндөө, энелер менен балдардын ден соолугун чыңдоо жана өмүр узактыгын жогорулатуу негизги максаттардын бири экени айтылат.