www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баку шаарында Энергетика министри Таалайбек Ибраев Азербайжан Республикасынын энергетика министри Парвиз Шахбазов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Каспий жашыл энергетикалык коридоруна Кыргызстандын катышуусу, Ысык-Көлдөгү азербайжандык инвестициялык долбоорлорду электр энергиясы менен камсыздоо жана күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулады. Тараптар энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган бир катар демилгелерди карашты.
Жолугушуу Баку шаарында өтүп жаткан эл аралык энергетикалык иш-чаралардын алкагында уюштурулуп, анда аймактык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, жашыл энергетика, энергетикалык коопсуздук жана туруктуу энергия менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Таалайбек Ибраев Кыргызстан менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамилелер акыркы жылдары мамлекет башчыларынын саясий колдоосу менен стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычына көтөрүлгөнүн белгиледи.
Министрдин айтымында, энергетика тармагындагы кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөө менен катар, бүтүндөй аймактын энергетикалык туруктуулугун камсыздоого да салым кошот.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири Кыргыз Республикасынын Каспий жашыл энергетикалык коридору демилгесине кошулуу мүмкүнчүлүгү болду.
Бул багытта кыргыз тарап өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы өтө жогору экенин жана Кыргызстан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунда жыштыкты жөнгө салуучу маанилүү ролду аткарарын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын катышуусу Каспий багыты аркылуу экспорттолуучу жашыл энергиянын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Тараптар жашыл энергетика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана келечекте таза энергияны эл аралык рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында 2026-жылдын 18–19-июнунда Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин жыйыны жана Эл аралык энергетикалык көргөзмө тууралуу маалымат берилди.
Кыргыз тарап Азербайжан делегациясын аталган иш-чараларга жогорку деңгээлде катышууга чакырып, азербайжандык компанияларды өздөрүнүн алдыңкы технологияларын, жабдууларын жана инновациялык чечимдерин көрсөтүүгө үндөдү.
Жолугушууда Ысык-Көлдүн жээгинде курулуп жаткан Азербайжан Республикасынын заманбап туристтик комплексин электр энергиясы менен камсыздоо маселеси дагы талкууланды. Кыргыз тарап объектти ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар мунай продуктуларын жеткирүү жаатындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин карашты.
Кыргыз тарап Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы SOCAR менен түзүлгөн кызматташтыктын оң натыйжаларын белгилеп, Кыргызстанга дизелдик отун жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Тараптар мындай кызматташтык Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын ортосундагы энергетикалык байланыштарды чыңдоого, энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоорун белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырастап, жашыл энергетика, энергетикалык инфраструктура, электр энергиясын өткөрүү жана мунай продуктуларын жеткирүү багыттарындагы кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты.
Бакудагы сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы энергетикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана аймактык маанидеги жаңы долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду.