www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ айрым өлкөлөрдөн учак каттамдарында ишке ашырган телефондон чоң электрондук шаймандарды учак бортуна алып кирүүгө тыюу салууларын бардык эл аралык каттамдарга кеңейтүүнү пландап жатат.

Американын «Fox News» телеканалында сөз сүйлөгөн АКШнын ички коопсуздук министри Жон Келли, «чыныгы коркунуч менен» бетме-бет келгендерин жактады.

Террористтердин бир учакты, өзгөчө АКШнын учагын кулатып жиберүүнү каалап жатканын, бул тууралуу коркутууларды алгандарын айткан Келли, Америкага бардык учак каттамдарында чоң электрондук шаймандарды алып кирүүгө тыюу салууну ойлогондорун түшүндүрдү.

Келли, теманы өткөн күндөрдө Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде Европа Биримдигинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн маалымдады.

АКШ, март айында арасында Түркия да орун алган 8 өлкөдөн учак каттамдарында телефондон чоң электрондук шайманды учак бортуна алып кирүүгө тыюу салган.

Адистердин көпчүлүгү бул маселенин коопсуздук эмей эле экономикалык таандаштыктан келип чыкканын айтышкан.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости