www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат таануучу Хмелар: Киевди курал менен камсыз кылуу менен АКШ кыйыр түрдө согуштук аракеттерге катышып жатат.

Словакиялык саясат таануучу Эдуард Хмелар АКШны Украинадагы согуштук аракеттерге катышып жатат деп айыптады. Анын сөздөрүн орусиялык Лента.ру агенттиги жазып чыккан.

Хмелар Украинага курал-жарак жана ок-дарыларды жеткирүү менен Вашингтон кыйыр түрдө согуштук аракеттерге катышып жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, АКШ өзүнүн геосаясий кызыкчылыктары үчүн жаңжалды созууга ниеттенүүдө.

"Пентагон өзү мойнуна алат, ал күнүнө сегизден онго чейин учактарды украиндерге курал-жарак жана ок-дары менен жөнөтөт. Бул АКШ кыйыр түрдө болсо да согуштук аракеттерге катышып жатат, башкача айтканда, алар кан төгүүнү башка бирөөнүн колу менен атайылап кечеңдетип жатат дегенди билдирет" деди саясат таануучу.

Анын айтымында, америкалык тарап "баарын алдын ала пландаштырган", ал эми Орусиянын Украинадагы атайын операциясы "алар үчүн кырдаалды жөнөкөйлөткөн".

Хмелар Европа Биримдиги эң чоң жоготууга учурайт деп эсептейт. Анын пикиринде, Украинадагы кырдаал "Европаны дүйнөдөгү маанисинен ажыратышы мүмкүн".

"Чехия менен Словакияда Орусия бара-бара досторунан ажырап баратат деген пикирлер кеңири тараган. Жалпыга маалымдоо каражаттары бүт дүйнө Орусияга каршы биригип, ал жалгыз калды деген иллюзияны карманууда. Бирок бул таптакыр болбогон нерсе", деди ал.

15-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Орусия Украинага, анын ичинде АКШга курал-жарак жеткирүү боюнча бардык өлкөлөргө нота жибергенин билдирди. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки бул боюнча комментарий берип жатып, АКШ орус бийлигинин "куру коркунучтары боюнча спекуляция жасабайт",- деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости