www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинага аскер кемелерин жибериши мүмкүн

АКШ Украинаны колдоо үчүн Кара деңизге кошумча аскер кемелерин жибериши мүмкүн экенин CNN телеканалы өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берип, кабарлады.

Пентагондун өкүлү телеканалга курган маегинде АКШнын аскер-деңиз флоту Кара деңизге эбак эле киргенин тактады.

Анын айтымында, деңизге кошумча аскер кемелерин киргизүү Орусия үчүн АКШ Украинанын чыгышындагы чыңалууга кылдат байкоо салып турганынан кабар берген өзгөчө белги.

CNN телеканалы конвенцияга ылайык, Вашингтон аскер кемелерин Босфор жана Дарданелла кысыгынан өткөрүү үчүн Түркияга эки жума мурун кабар берүүгө милдеттүү экенин жазды. Ошол эле кезде сырттан Кара деңизге кирген аскер кемелеринин жүгү 30 миң тоннадан ашпоого тийиш экени маалыматта эскертилген.

Бирок CNN Анкарага расмий билдирүү жиберилгенин тактаган эмес.

Мындан сырткары Пентагондун өкүлү АКШ эл аралык аба мейкиндигинен аба чалгынын улантып, асмандан Кара Деңиздеги орус флотунун активдүүлүгүнө байкоо жүргүзө турганын билдирди.

Анын айтымында, Вашингтон азырынча украин чек арасында Орусиянын аскердик күчүнүн көбөйүшүн кол салууга даярдык катары карабайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости