Облустар жоюлуп кетсе, генерал Көтани сыяктуу бийликке жулунуп жаткан Сыймык Жапыкеев каякка губернатор болот?
Кыска-нуска  |   |  1271

Аскерлерге бийлик бергенде генералдарга аймактарды тейлете баштайт. Оливер Кромвель Англияны 12 губернияга бөлүп, өзүнө баш ийген генералдарга тейлеткен. Орусия ак падышалары да аймактарын губернияга бөлүп генерал-губернаторлорго бийлик берип келген. Учурда да Баткен облусуна генерал-полковник Өмүрбек Суваналиев бийликке келди. Эми жакында эле генерал болгон Ысык-Көлдүн прокурору Сыймык Жапыкеев Ысык-Көлгө губернатор болот экен деген сөз чыкты.

Облустун, ага тете борбордун жетекчилери тууралуу сөз кылсак, булар “курсактары менен сүзүшсө” мамлекет жетекчисине чейин жетет экен. Турдакун Усубалиев Фрунзенин “горкомунан”, Апсамат Масалиев Ысык-Көлдүн обкомунан республика жетекчиси болушкан. Курманбек Бакиев Чүйдүн губернаторунан, Сооронбай Жээнбеков Оштун губернаторунан президент болушкан.

Губернатордон өкмөт башчысы болгондор Апас Жумагулов (Чүй), Насирдин Исанов (Ысык-Көлдө облисполком), Борис Силаев (Бишкек мэри), Кубанычбек Жумалиев (Ош), Жумабек Ибраимов (Бишкек мэри), Амангелди Муралиев (Бишкекгорисполком), Курманбек Бакиев (Чүй), Феликс Кулов (Бишкек мэри), Жантөрө Сатыбалдиев (Ош), Сооронбай Жээнбековдор (Ош).

Совет учурунда Султан Ибраимов (Ош), Сүйүмбаев (Ош), Матен Сыдыков (Нарын), Жумгалбек Аманбаев (Нарын-Ысык-Көл), Үсөн Сыдыков (Ош) деген залкар обкомдор болор эле. Эгемендүүлүк алганы элге таанымал губернаторлору: Кемел Ашыралиев, Жумагул Сааданбеков, Ташкул Керексизов, Мамат Айбалаев, Бекболот Талгарбеков, Аскар Салымбеков, Жусуп Шарипов, Жусупжан Жээнбеков, Туйгуналы Абдраимов, Бектур Асанов, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиевдер.

Баткен облусунда: Мамат Айбалаев, Аскар Шадиев, Султанбай Айжигитов, Жеңиш Разаков, Өмүрбек  Суваналиевдер.

Нарын облусунда: Бейшенбек Болотбеков, Аскар Салымбеков, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиевдер.

Ош облусуна: Жаныш Рустенбеков, Жылкычиев, Таалай Сарыбашевдер.

Талас облусуна: Ташкул Керексизов,  Дастан Сарыгулов, Койсун Курманалиевалар,

Жалал-Абад облусуна: Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кыянбек Сатыбалдиевдер.

Ысык-Көл облусуна  Жумагул Сааданбеков, Жусуп Шарипов, Исаевдер сыяктуу губернаторлордун тизмеси толуп кетти.

Акыркы ирет Чүй облусу Кыргызстан кайрадан мамлекет жаралганда түзүлгөн. Буга чейин ак падышанын учурунда Чүй болуштары бир уездге биригишкен, кийин округ, кантон сыяктуу аймактарга бөлүнүшкөн. Совет маалында 1939-жылы Фрунзе облусу түзүлүп 1959-жылдан республикага түз баш ийип калган. Ал эми отуз жыл мурун, 1991-жылы Кыргыз ССРинин министрлер Советин жетектеп келген Апас Жумагулов жаңы түзүлгөн Чүй облусун жетектеп, андан соң Чүй облусун вице-президенттен келген Феликс Кулов жетектеп калат. Чүй облусунун губернаторлорунун катарын жыйырманчы кылымдын аягында ушул облустан түз эле өкмөт башчылыкка өтүп кеткен Курманбек Бакиев толуктайт. Ал 2005-жылдан 2010-жылга чейин мамлекетти жетектейт. Тургунбек Кулмурзаев 2005-жылы 24-марттан кийин губернаторлукка келет. Ал 2006-жылы ноябрда Бакиевдик бийликке каршы чыгып, губернаторлуктан кетет. Сагынбек Абдырахманов жана жаштыгына карабай Айбек Азыранкуловдор өнөр жайлуу Чүй облусун жетектей албай, бул аймакты бийик, зобололуу даражага көтөрө алган жок. Алардан соң Канат Исаев Чүй облусун жетектеп калган. Канат Исаевден кийин Кубаныч Кулматов, Бактыбек Кудайбергенов, Улан Карагулов, Туйгунаалы Абдраимов, Алтынбек Намазалиев, Мирбек Мияровдор өз күчтөрүн сынап көрүштү. Акыркы мезгилде Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев болуп дайындалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями