Альбина Бапиева табылды
Коом  |   |  1562

8-апрель күнү эртең менен мектепке чыгып кеткен Альбина табылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына анын байкеси Асан Аттокуров билдирди.

Анын айтымында Альбина Бишкектин Ленин районунан табылды. Ал аман-эсен, бирок шок абалда.

"Ал жоголуп кеттим, деди. Андан башка эч нерсе айткан жок", - деди Асан Аттокуров.

Эске салсак, Альбина 8-апрель күнү, эртең менен мектепке чыгып кеткен, бирок мектепке жеткен эмес. Акыркы жолу телефону Ош базарынын жанынан иштеп, андан кийин өчүп калган. Милиция кызматкерлери Альбина Жалал-Абадда жашаган атасыныкына кетип калган болушу мүмкүн, деп божомолдогон. Бирок, ал жака барбаганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями