www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияга ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатат. Жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалып жатканын маалымат жыйыны учурунда Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Акыркы учурларда мигранттар азайды. Мунун кесепетинен ири пландарыбыз ишке ашпай турат. Ошол эле курулуш, айыл чарба тармактарына жумушчу күч керек. Мигранттар аз болуп жатат», - деди Песков.

Ошондой эле ал журналисттердин миграция саясатына байланышкан суроосуна жооп берип жатып, Россия мамлекет катары мигранттарга жана алардын балдарына тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керектигин айтты.

«Улуттар аралык мамилелер боюнча кеңешмеде мигранттардын балдары тууралуу сөз болду. Көп улуттуу, көп кырдуу Россия коомуна көнүп кетүүсү үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Учурда тиешелүү кызматтар мигранттардын балдарынын саны боюнча тактоолорду жүргүзүп жатат», - деди маалымат катчы.

Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө боюнча сөз кылып, Россияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны бар экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости