www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинага өзөктүк курал берүүдөн баш тартты

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд АКШ жана анын союздаштары Украинага өзөктүк курал берүүнү пландабаганын билдирди. Анын жеткирүүдөн баш тартуу тууралуу билдирүүсүн РИА Новости жазды.

«АКШ жана биздин өнөктөштөр Украинага өзөктүк курал берүү ниети жок жана Украина да муну каалабайт», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада өзөктүк куралдын пайда болушунун кесепеттери тууралуу эскерткен. «Украинада массалык кыргын салуучу куралдын пайда болушу менен Европадагы жана дүйнөдөгү кырдаал эң радикалдуу түрдө өзгөрөт», - деди президент.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-февралда Мюнхен конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Киев Будапешт меморандумунда каралган өзөктүк куралдан баш тартуу маселесин кайра карап чыгышы мүмкүн экенин айткан.

Эске салсак, Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.

Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости