www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө акыркы бийлик алмашканда Жогорку сот жана Конституциялык палатанын төрагалары алмашып, соттун көз карандысыздыгы тууралуу убадалар дагы бир ирээт айтылган.
Анткен менен бүгүнкү күндө да соттордун адилетсиздигинен жапа чеккен жарандар бар. Анын бири жарандык активист Мухтар Шарипов, NazarNеws маалымат агенттиги аркылуу элге төмөндөгүчө кайрылуу жасады:
“Биз албетте биринчи Жогорку сотко кайрылабыз. Бирок бул жерде соттордун мыйзамсыз чыгарган чечимдери менен бирге соттун кыймылдары да туура эмес болууда. Азыр сотко барсаң судья өзүн бай-манап катары сезет экен. “Чыгарып кой!”, - деп буйрук беришет. Андай буйрук берээрден мурда, себебин түшүндүрүшү керек го”.
Мындан тышкары Шарипов: “Улуттук банк, кредиттик компаниялар, сот аткаруучулар, судьялар биригишип элдин канын ичип жатышат. Биз буну факты жүзүндө да көрсөтүп беребиз. Соттордун адилетсиз кадамдары боюнча Өкмөткө арызданалы деп жатабыз”, - деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg