www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Федералдык жыйындын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын «кара тизмеден» чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү. В.Матвиенко Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын делегациясынын алгачкы расмий сапары Орусиядан башталганына кубанычта экенин билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кошумча түрткү берет деп ишенем. Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки тараптуу мамилелерди жигердүү өнүктүрүү ниети жана бул жааттагы бекем позициясы үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди Валентина Матвиенко.

Ошондой эле кыргыз тарапты конституциялык реформанын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. «Кыргызстан Россиянын өз ара ишенимге жана узак мөөнөттүү достук мамилеге негизделген өнөктөшү болуп келген, мындан ары да алакаларыбыз арта берет», - деди Мамытов.

Ошондой эле, Талант Мамытов ушул жылы Кыргыз-Россия парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун уюштурууну сунуштады. Валентина Матвиенко Талант Мамытовдун парламенттер аралык алакаларды арттыруу багытындагы пикирине макул болуп, кызматташтыктын келечектүү маселелерин күн тартибине камтуу менен быйылкы жылы Кыргыз-Россия парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугун белгиледи.

Муну менен катар Федерация Кеңешинде Россия Федерациясынын ар кандай субъектилеринин өкүлдөрү бар экенин айткан төрайым, аймактар аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү сунуштады жана бул маселени парламенттер аралык комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизүү керектигин кошумчалады.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолгон Федерация Кеңешинин төрайымы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясында орус тили расмий тил макамын сактап калганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар орус тилинин муктаждыктарын эске алуу менен ишке ашырылып, расмий тил катары азыркыга чейин эл аралык баарлашуу тили катары кызматын улантып жатканын белгиледи.

Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости