www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Владимир Зеленскийдин тушунда Киев согушчандардын риторикасына кайтып келди жана Донбасстагы жөнгө салуу боюнча Минск келишимдерин бузуу үчүн бардыгын жасады.

«Айрыкча көп үмүттөр 2019-жылы Украинанын жаңы президентин шайлоого байланыштуу болчу. Ал Донбасста акыры тынчтык орнотууга убада берген. Бирок украин бийлигинин тынчтыкты сүйгөн мамилесине ишенгендер, тилекке каршы, жаңылышты», — деди Небензя.

«Киев согушчандардын риторикасына тез эле кайтып келип, жайкын тургундарды аткылоону улантып тим болбостон, Минск келишимдерин бузуу үчүн бардыгын жасады», - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.

Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости