www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборун 24 млн сомдук медициналык керебеттер менен камсыз кылды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, берилген 78 заманбап керебеттер борбордо көптөгөн жумалар жана айлар бою кургак учукту дарылоого мажбур болгон бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган. Бул жабдууну Кыргызстанга АКШдан жеткирүүнү USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору америкалык Project C.U.R.E. уюму менен биргеликте уюштурду.
Жабдуулар Улуттук фтизиатрия борборунун реанимациялык жана башка бөлүмдөрүндө орнотулду. Керебеттер орнотуу жана пайдалануу үчүн ыңгайлуу, бейтаптардын коопсуздугун камсыз кылуу жана дарылоону жеңилдетүү үчүн атайын функциялары бар. «Жаңы керебеттер кургак учук менен ооругандардын стационарда узак жана оор дарылануудан өтүүнү кыйла жеңилдетип берет», - дейт борбордун башчысы Болот Майканаев.
Көп учурда кургак учукка чалдыккан бейтаптардан ооруканада дарылануусу талап кылынат. Ооруну жуктурбастыгы аныкталгандан кийин дарыланууну андан ары үйдөн улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Оорлошкон учурларда же бейтаптар хирургиялык кийлигишүүгө дуушар болгондо, алар ооруканада бир нече айга чейин жатып дарыланышы ыктымал.
«Бул керебеттер мурдагылардан кыйла жакшыраак. Аны отуруп дагы, жатып дагы жөндөп алса болот. Эми аркам оорубай, уйкумду кандырып уктап калдым. Бул бейтаптар үчүн атайын иштелип чыккан экен», - дейт борбордун бейтаптарынын бири.
Улуттук фтизиатрия борбору - Кыргыз Республикасындагы кургак учукту дарылоо боюнча негизги жана эң ири оорукана. Борбордо 350 бейтап жайгаша алат. Жыл сайын бул жерде 2,2 миң адам дарыланат. Кыргызстанда кургак учукту дарылоо акысыз.
USAID – кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандын көп жылдык өнөктөшү. Азыркы учурда, USAID «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорун JSI Research & Training Institute, Inc. (JSI) уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат. Жалпы бюджети 18,5 млн АКШ долларын түзгөн долбоор Кыргызстанда кургак учукту аныктоо ишин күчөтүү жана дары-дармектерге туруктуу болгон кургак учукту дарылоону жакшыртууга багытталган.
Project C.U.R.E. — бул дүйнө жүзү боюнча медициналык буюмдарды жайылтуу менен алектенген гуманитардык уюм.
Булак: NazarNews.kg