www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку мамлекет башчылары атеистпи же динчилби көзү ачыктарды пайдаланып келишкен. Мессинг Сталиндин жүздөгөн кайтаруучуларына кагазды көрсөтүп коюп, шыр кирип кетчү экен. Анын да келечек үчүн айтып кеткендери бар. 2021-жылы илдетке байланыштуу дүйнөнүн экономикасы ылдыйлап кетерин алдын-ала айткан.

Вольф Мессинг 2021 жылы Америка менен Европа шал болуп, коркунучтуу кризиске кабыларын айткан. АКШнын дүйнөлүк аренага болгон таасири түшүп, бул жылы абдан алсызданып кетет. Мамлекет зор держава деген макамынан ажырайт. Эптеп жашап кетиш үчүн америкалыктар таасири күчтүү атаандаштарына айласы жок баш ийет. "Мамлекеттин дүйнөнүн экономикасы ылдыйлап кетет. Өлкөдө ички ыйкы-тыйкыдан улам ар кандай көйгөйлөр жаралат» - деген Мессинг. Иллюзионисттин айтуусунда башка мамлекеттер АКШнын көз карашы менен эсептешпей калышат.

Европада да кырдаал оор болот. COVID-19 пандемиясынан соң европа мамлекеттери экономикасын там-туң баскан баланын экономикасы сыяктуу болуп калат. Вольф Григорьевич алар геосаясий сазга тыгылган боюнча калышарын айткан. Мунун башкы себеби аларга күч берип келе жаткан Американын өзүнүн туңгуюктан чыкпай калганы, жакын арада аларда оор окуялар болушу күтүлөт.

Мессингдин айтуусу боюнча Америка менен Европа шал болуп, Орусия күчтөнөт. Орусия коопсуздуктун өзгөчө аралына айланат. Дүйнөнүн бардык бурчундагы адамдар муну түшүнүп, Орусия саясий-коомдук планда эң стабилдүү мамлекетке айланып, өз аймагынан сырткары даңазага жетет. Ушунун айынан Орусияга агылган мигранттардын саны арбыйт.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости