www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Башкы штабдын командачысы Оник Гаспарян 10-марттан тартып кызматынан алынганын билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда президент Армен Саркисян премьердин Оник Гаспарянды кызматтан алуу тууралуу сунушун жокко чыгаруу максатында Конституциялык сотко мыйзамда белгиленген мөөнөттө кайрылган эмес. Андыктан мыйзамдарга ылайык генерал автоматтык түрдө кызматтан алынат.

Армениянын армиясы өткөн айда Никол Пашиняндын отставкасын талап кылгандан бери өлкөдө саясий кризис курчуду. Премьер ал чакырыкты "аскердик төңкөрүш аракети" деп баалап, тарапкерлерин көчөгө алып чыккан. Ошол эле маалда армиянын генералдарына каршы кадам катары Гаспарянды кызматынан алуу сунушун президентке жөнөткөн. Бирок Армен Саркисян Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу тууралуу жарлык чыгаруудан баш тарткан болчу. Февралдын соңунда Пашинян Оник Гаспарянды кызматтан алуу сунушун кайрадан кайталап экинчи ирет президентке жиберген эле.

9-мартта Ереванда Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициянын миңдеген колдоочулары нааразычылык акциясына кайрадан чыгышты. Алар парламенттин имаратынын кире бериштерин тороп салышты. Тиреш күчөп, абал полиция менен демонстранттар ортосундагы жеңил-желпи кагылыштарга чейин жетти.

Азербайжан менен Тоолуу Карабак үчүн алты жумалык согуш аяктагандан бери өкмөт башчы чоң кысымга туш болуп келатат. Былтыр ноябрда Орусиянын арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык Армения бир нече райондун үстүнөн көзөмөлдү колунан чыгарган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости