www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанга мыйзамсыз газ кирип жатабы? Өкмөттүн жообу

Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз газ кирип жатат деп кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖМКлар менен социалдык тармактарда тараган билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Учурда аталган Ак-Турпак аймагында мунай өндүрүлбөйт жана жумуш токтотулган.

“Союз мезгилинде Өзбек ССР тарабынан курулуп Өзбекстан казып алып, пайдаланып келген газ, мунай өндүрүүчү скважиналардын ээлеген жер аянттары Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу жана жалпы ээлеген жер аянты 1400 гектарды түзөт. Мунайды Өзбекстанга таандык “Фергана Нефти” 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин иштетип келген. 2011-жылы 18 скважина калган. Алардын ичинен 9 скважина бузук абалда, 9 даанасы оң абалда болуп 2011-жылдын 21-майынан бери токтоп турат”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости