www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен президенттик башкарууну кубаттап колдойм. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 10-мартта билдирди.
--“Кыргызстанда октябрдагы окуялардан кийин бир топ өзгөрүүлөр болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгына ылайык, Баш мыйзамды талкулоо үчүн конституциялык кеңешме түзүлдү. Кеңешмеге илимпоздор, саясатчылар, эксперттер, бей өкмөт уюмдар жана депутаттар катышып талкуулашты. Талкуу дээрлик эки жарым айга созулду. Анын ичинде 3 секцияга бөлүнүп каралды. Жыйынтыгы чыкты. Бирок, коомчулукта каршы чыккандар дагы көп болду. Себеби, президентке укукту көп берилип калганы айтылды. Бүгүнкү күндө ичиндеги беренелерге чейин киришип, каршы чыгып жатышат. Биз 10 жыл парламенттик башкарууну көрдүк. Бирок ал жакшы натыйжа берген жок. Президенттер кадр маселесине келгенде өздөрү чечип жүрдү. Жең ичинен чечилип жатканы баарыбызга маалым болду. Ошону менен катар көптөгөн чоң маселелерге өздөрү аралашып, чечим чыгарган учурлар болду.
Ал эми 10-январга белгиленген кезексиз президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өттү. Эл өздөрү президенттик башкаруу формасын тандап алышты. Андан соң Баш мыйзамдын жаңы долбоору дагы даяр болду. Жаңы долбоордун социалдык маселесине токтоло кетсем, “социалдык төлөмдөр 5600 сомдон кем болбошу керек” деп так жазылыптыр. Бул өтө чоң жоопкерчилик болуп саналат. Экономикалык көрсөткүчтөр, кирешелер төп келиши керек. Келечекте Баш мыйзам кабыл алынып калса өкмөт үчүн чоң жоопкерчиликти алат. Ушул сыяктуу маңыздуу беренелер бар экен. Андыктан мен президенттик башкаруу формасын кубаттап колдойм. Жакында дагы бир топ өзгөрүүлөр болот деп ишенебиз. Тилекке каршы Кыргызстан 10 жылда ар кандай мүчүлүштүктөргө учурады. Келечекте ошол каталар кайталанбайт деп үмүттөнөбүз”, - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg