www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча басма сөз жыйыны учурунда залда отурган журналисттерге антисептик чачты. Ал журналисттердин биринин суроосуна ачууланып, ушундай аракетке барган.
Окуянын видеосун «The Sun» маалымат агенттиги YouTube каналына жарыялаган.
«Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча министрлер кабинетиндеги соңку жаңыланууларга байланыштуу суроолордон качуу максатында журналисттерге антисептик чачты», - деп айтылат видеодо.
Журналисттин өкмөттө боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө суроосу премьер-министрге жаккан жок. Журналист алмаша турган министрлердин аты-жөнүн атоону суранган. Андан кийин ал орой мамиле жасап, залда отурган кабарчыларга антисептик чачып, аларды «өз жумуштарын аткарууга» үндөп, ашыкча суроо бербөөгө чакырган. Маалым болгондой, февраль айында Таиланд өкмөтүндөгү үч министр кызматтан алынган.
Жергиликтүү маалымат булактары белгилегендей, Таиланддын премьер-министри өзүнүн өзгөчө аракеттери менен таанымал. Чан-Оча 2014-жылдагы аскердик төңкөрүштү жетектеп, андан кийин 2019-жылы өткөн парламенттик шайлоодо өкмөт башчылыкка келген.
Булак: NazarNews.kg