www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары өзөктүк согуштун коркунучун азайтууну пландаштырууда. Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жарыяланган Вашингтондун жаңы улуттук коопсуздук стратегиясында айтылат.

Документте, ошондой эле, 2030-жылдарга карата Кошмо Штаттар биринчи жолу "заманбап жана ар түрдүү глобалдык жана аймактык өзөктүк күчтөргө" ээ болгон эки негизги өзөктүк державага тоскоолдук түзүү керек экени айтылат.

"Күчтөрүбүздүн алдыбыздагы коркунучтарга жооп кайтара алышы үчүн, биз өзөктүк триадабызды, өзөктүк командачылыкты, командачылыкты жана коммуникацияларды, өзөктүк инфраструктурабызды модернизациялоого жана союздаштарыбыз алдында болгон милдеттенмебизди бекемдөөгө ниеттенип жатабыз" деп түшүндүрүлөт стратегияда.

7-октябрда АКШнын президенти Джо Байден дүйнөгө "Өзөктүк Армагеддон" коркунучу бар экенин жарыялады. Саясатчы мындай мүмкүнчүлүк Кариб кризисинен бери биринчи жолу пайда болгонун белгилеп, кырдаал азыркы жол менен өнүгө берсе, коркунуч реалдуу болоорун баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости