www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясы – Украинанын басылып алынган аймактарында Орусия өткөргөн референдумдарды тааныбаган чечим кабыл алды. Талкуу 3 күнгө уланды жана Орусияга каршы 143 мамлекет добуш берди, бул – БУУ мүчөлөрүнүн 74 пайызы. Беш кана өлкө – Орусия өзү жана Беларусь, Түндүк Корея, Сирия менен Никарагуа Москваны жактады, бул – 2 жарым пайыз.

Кыргызстан – калыс калган 35 өлкө ичинде, алардын катарында Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Монголия бар. Борбор Азия мамлекеттери азыр өтө татаал абалда – алар саясий жана экономикалык кана эмес, маданий жактан дагы Орусиядан көз каранды, ошондуктан өз пикирин ачык билдире албайт.

Бирок ошондой эле оор абалга бүткүл Европа мамлекеттери да кептелди, Орусиянын демократиялашып баратканына ишенип, алар чийки зат капканына түшүп калган жана ал тузакты Москва акыркы 15 жыл бою шашпай жайып келген. Ал капкандан чыгуу оңой эмес, андан да татаал иш Кыргызстан алдында турат.

Последние новости