www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында орус президенти Владимир Путин менен түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган Түркияда газ хабын түзүү мүмкүнчүлүгүн тез жана деталдуу иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 13-октябрда орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Тема абдан жакшы кабыл алынды. Ал биргелешип иштелип чыгат», — деди Песков.

Ал ошондой эле, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинин алкагында Орусия менен Түркиянын лидерлеринин сүйлөшүүлөрү бир топ убакытка созулганын кошумчалады. TRT Haber телеканалы белгилегендей, жолугушуу бир жарым саатка жакын созулду.

Орус лидери бир күн мурун Балтика деңизиндеги Түндүк Агымдагы газды Кара деңизге бурууга даяр экенин билдирген. Ошентип Түркия Европадагы эң чоң газ борбору боло алат, деди Путин.

Эске салсак, буга чейин 13-октябрда Путин Түркия учурда Европага газ жеткирүүнүн эң ишенимдүү жолу экенин далилдегенин айткан. Орус лидери Түрк агымы газ куурун жардыруу аракетине карабастан иштеп жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости