www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскердик аналитик жана АКШнын мурдагы чалгын кызматкери Скотт Риттер президент Зеленскийди токтотууга болорун айтты.

Анын пикиринде, эгер АКШнын президенти Джо Байден Киевди Украинага жардам берүүдөн баш тартам деп коркутса, муну жасоого болот. Бул тууралуу эксперт RT телеканалына берген маегинде билдирди.

«Эгер президент Байден телефонду алып, (Украина лидери Владимир) Зеленскийге чалса, муну бүгүн токтотсо болот», - деди Риттер.

Ал ошондой эле курал-жарактарды берүүнү токтотуу коркунучу Киевге кысым көрсөтүүнүн маанилүү рычагы болуп калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Мунун аркасында америкалык тарап, эгер чындап кааласа, Украинанын Куралдуу Күчтөрүн кандайдыр бир негизсиз же кооптуу чечимден токтото алмак, деп белгиледи эксперт Запорожье атомдук электр станциясын аткылоону мисал катары келтирип.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости