www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги чет элдик маалымат каражаттарында "Аль-Каиданын" башчысы Кыргызстандын аймагынан учурулган пилотсуз учуучу аппараттын соккусу менен жок кылынды деген маалыматка байланыштуу билдирүү жасады.
Буга чейин пакистандык Dawn басылмасы Кабулда жүргөн "Аль-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири "Манас" эл аралык аэропортундагы АКШнын авиабазасынан учурулган учкучсуз аппарат менен жок кылынганын жазып чыккан.
Дипломатиялык өкүлчүлүк бул маалыматты жалган деп атады.
"Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылы 3-июнда ишин токтоткон. Азыркы учурда "Манас" аэропортунун аймагында америкалык же башка чет элдик аскер кызматкерлери жок жана эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт", — деп жазылган маалыматта.
Америка Кошмо Штаттары өткөн дем алыш күндөрү Афганистанда антитеррордук операция жүргүзүп, анын натыйжасында "Аль-Каида"* террордук тобунун лидери Айман аль-Завахири жок кылынганын билдирген. Антитеррордук операцияны Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) жүргүзгөн.
* – Кыргызстан, Орусия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топ.
Булак: NazarNews.kg