www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамп администрациясы Тайланддын 40 уйгурду Кытайга кайтаруу чечимин сындап, башка өлкөлөрдү башкалка издеген уйгурларды артка жөнөтпөөгө чакырды. Ак үй Бээжинди буга чейин депортацияланган улуттук азчылык өкүлдөрүнүн абалын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө үндөдү.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио “Тайланд өкмөтү Кытай бийлиги уйгурлардын укуктарын канчалык коргоп жатканын текшерүүгө тийиш”, - деп билдирди.
Өз кезегинде Австралия уйгурлардын күчтөп Кытайга кайтарылышын катуу сындады. Жума күнү тышкы иштер министри Пенни Вонг алар туш болгон мамилеге тынчсызданып жатканын айтты. Австралияда миңдеген уйгур отурукташкан.
Бейшембиде Тайландда он жылдан ашык убакыт бою кармалып турган уйгур эркектер Кытайга депортацияланган.
Өткөн айда алар коомчулукка кайрылып, депортацияны токтотууну суранышкан. Алардын жүйөсүнө караганда, Кытайда түрмөгө камалып же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
Ал эми, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 27-февралда уйгурлардын депортациялышын “эл аралык укуктарды жана стандарттарды ачык түрдө бузуу” деп атады.